USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Алайдагы көмүр кенине каршы болгондор кайрадан митингге чыкты

10:07, 28 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылында көмүр кенин казууга каршы болгон эки жүздөй адам нааразычылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» жергиликтүү тургун Миртемир Рахманбердиев билдирди.

Чогулгандар айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршы. Алар кен иштетүүнү максат кылган компания кайра изилдөө иштерин баштаганын айтып, эгер көмүр казылып баштаса экология бузулуп, таза суу булганышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Нааразы болгондор менен Алай районунун акиминин орун басары Шерикбай Жапанов жолуккан.

Согонду айылынын башчысы Кылыч Мусаев кен казууга соңку эки жылдан бери элдин көбү каршылык билдирип жатканын айтты.

Согонду айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Орозали уулунун айтымында, көмүр казыла турчу тилке калк жашаган айылдарга жакын тургандыктан, аны ташыган жүк машинелер айылда тыгын жаратып, экологияны бузат деп чочулап жатат.

«Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому кенди чалгындоого үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18