USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Абдыкерим Алимбаев: Баш ийбеген контрабандисттерге каршы курал колдонулат

11:42, 08 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Күч органдарынын талабына баш ийбеген контрабандисттерге каршы курал колдонулат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандан жүк ташыган жарандар укук коргоо органдарынын талабына баш ийбеген качып кетишет.

«Эгер мыйзам жол берсе, мыйзам чегинде курал колдонгула. Болбосо эл түшүнбөй калды. Токто десе болбой качып бара жатат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү элдик кошуундун өкүлдөрү Тажикстандан жүк алып чыгып бара жаткан жети унааны кармашкан. Алар 22 тонна жүзүмдү Кыргызстандын аймагында сатууга бара жатышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18