USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Сузакта 8 адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү

10:08, 30 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Сузакта сегиз адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу "Кабар"  агенттигине Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төртөөндө күйдүргү оорусу лабораториялык анализдерден кийин аныкталды.

«Бейтаптардын баарынын абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Алар оорулуу уйду союшкан. Ошондой эле 20 адам дагы уйдун этин жегендиги үчүн байкоого алынды», — дейт Бектурдиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18