Тажикстандын укук коргоо органдары Лейлек районунун жаранын кармап кетишти
10:38, 27 сентября 2021, Бишкек - 24.kg
Тажикстандын укук коргоо органдары Лейлек районунун жаранын кармап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган Жаштык айылынын тургуну Жигдали айылына бара жаткан.
Ал чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айыбы менен кармалып, Худжант шаарына алынып кетти.