USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Башкы штаб: 3 миң жаран аскерге чакырылат

11:28, 17 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 18-августтан тартып жарандарды шашылыш аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы уюштуруу жана мобилизациялык башкармалыгынын аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы, полковник Канатбек Шамыров билдирди.

Анын айтымында, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакыруу мөөнөтүнүн кийинкиге калтыруу же аскердик кызматтан бошотуу укугу жок бардык жарандар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келиши керек.

«2021-жылдын күзгү чакыруусунда 3 миңден ашык адамды шашылыш аскер кызматына жана 10 миңден ашык адамды альтернаивдик кызматка чакыруу пландалууда. Биринчи кезекте аскерге чакыруу курагынан өткөн жаштар чакырылат, башкача айтканда алар 20 жаштан жогору жогорку окуу жайды, орто техникалык жана КР Куралдуу күчтөрүнө керектүү түрдүү адистиктер боюнча бүтүргөндөр», — деди ал.

Эскерте кетсек, аскерге чакыруу 30-ноябрга чейин уланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18