USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Баткенде тажик аскерлери тарабынан каза болгондорго үйлөр берилди

16:47, 16 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Баткенде 28-30-апрелде Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө курулган үйлөр тапшырылды. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 36 үй жайгашкан аймак «Мадина» шаарчасы деп аталды.

Үйлөрдү «Ихлас» жана «SMA» курулуш компаниялары куруп беришти.

Үй үч бөлмөлүү жана ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары бар.


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18