USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров Душанбеде ЖККУнун жыйынына катышууда

10:57, 16 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбеге келди. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген. 

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамаатытк коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18