USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бангладештин футбол беттешин көрдү

09:17, 08 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров 7-сентябрда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстандын улуттук курама командасы менен Бангледештин курамасынын футболдук беттешине барды.

Оюн «Үч улут кубогу» эл аралык турниринин акыркы турунун алкагында өттү. Турнирге үч курама катышып (Кыргызстан, Палестина, Бангладеш), алар өз ара бир айлампа ойношту.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бангладештин командасын «Үч улут кубогунда» 4-1 эсебинде утту.

Оюн бүткөн соң, мамлекет башчысы спортчуларды ишенимдүү жеңиши менен куттуктоо үчүн Кыргызстандын курамасы эс алган бөлмөгө кирди. Ал бул беттеште команда татыктуу жана кызыктуу оюн көрсөткөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров өз күйөрмандарына жагымдуу эмоцияларды тартуулаганы үчүн футболчуларга, машыктыруучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтты.

Ал өлкөнүн улуттук курамасы мындан ары да ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишип, өз жеңиштери менен кыргызстандыктарды кубанта берүүсүн каалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18