USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Лейлекте уктап жаткан жеринен 28 жаштагы кишини өлтүрүп кетишти

10:59, 02 сентября 2021, Бишкек - 24.kg
Исфана шаарынын 28 жаштагы М.М. өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу курч миздүү нерсе сайылып каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Кылмышка шектелип Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. жана 21 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну Исфана шаарынан аныкталып кармалды.
 
Маалыматка караганда, шектүү 21 жаштагы Ш.Мдин жашаган турак үйүнөн мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 21 даана октору менен, бир даана атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы, баштыкка оролгон наркотикалык зат, атайын бет кап жана атайын каражаттар жашырып койгон жеринен табылып алынды.
 
 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18