USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Вакцина алган жарандарды мэрия демилгелемекчи

10:22, 16 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө маселеси боюнчан жыйыны өттү.

Жолугушуу учурунда мэр эмдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилерге жеке жоопкерчилигин эскертти.

Бул учурда муниципалитет вакцинаны алган жана алууну каалаган жарандар үчүн демилге механизмдерин иштеп чыгууда.

Жолугушууда катышуучулар коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу чараларын талкуулашты. Вице-мэр Виктория Мозгачева эмдөө алгандардын арасында LION компаниясы менен биргеликте бут кийим сатып алууга арзандатууларды берүү боюнча Биринчи май акимиатынын демилгесин белгиледи.

Мозгачеванын отчетунан кийин мэр акимдерге эмдөө боюнча ишти күчөтүүнү жана маалымат кампаниясын активдештирүүнү тапшырды. Вице-мэрге алардын аткарылышына анализ жүргүзүү тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18