USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

ЦУМдун имараты курчоого алынды

17:53, 09 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун имараты 9-августтун кечки саат беш чамасында милициянын курчоосуна алынды. Борбордун ичиндеги адамдар эвакуацияланып, жанына эч кимди жолотпой жатышат.

Мындай чектөөнүн себеби азырынча расмий айтыла элек.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ичинде адамды барымтага алуу сыяктуу окуя болгонун жазып жатышат, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоо жүрүп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

«Айчүрөк» борбор калаадагы ири дүкөндөрдүн бири. Ал «телефондук террористтердин» бутасына айланган учурлар буга чейин бир нече жолу катталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18