USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулмакчы

11:41, 28 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтоочу жайлар пайда болот. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун «Шаардын көйгөйлөрү: чечүү жолдору, мэриянын биринчи жарым жылдагы ишинин жыйынтыгы» аталышта өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Борбор калаанын мэриясы көп кабаттуу унаа токтоочу жайларды куруу маселесин карап жатат. Биринчиси жакында Лев Толстой көчөсүндө пайда болот. Патрис Лумумба көчөсүндө (Кудайберген базары), Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Псков жана Сухомлинов көчөлөрүндө дагы үч унаа токтотуучу жай курууну пландап жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18