USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Министр: Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет беребиз

09:50, 27 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргенин Мedia-center.kg сайты жазды.

Министрдин айтымында, азыр калкты эмдөөдөн өткөрүү керек.

«Бүгүнкү күндө эмдөө иштерин тездетип жатабыз. Жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулардын салттуу түрдө мектепке кайтып келишин каалайбыз. Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе жана ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эмдөөдөн өткөн зыяратчыларга жеңилдиктерди беришет. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Кантсе да, алар дагы кадимкидей иштегиси келет», — деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18