USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Эмдөөдөн кийин каза болгон аялдын өлүмү иликтенет

11:10, 23 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунда каза болгон аялдын өлүмү иликтенет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди. 

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик комиссия түзүлүп, иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 46 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Назгүл Исакова Бишкек шаарына эмгек эргүүгө келип, 19-июль күнү саат 8: 30да № 1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан Спутник-вакцинасын алган. Дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылып, 22-июль күнү каза болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18