USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Баткенде эки бир тууган дайынсыз болууда

12:38, 14 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Баткен районунун Бужум айылынын Ынтымак участкасынын тургуну 15 жаштагы Айназик Кудайбердиева жана анын 11 жаштагы бир тууган иниси Ариет Кудайбердиев өздөрү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар кечээ 18.30 да үйдөн чыгып кеткен.

Кийген кийимдери: үстүндөгү киймдери белгисиз, астында боз түстөгү шым, бутунда ак кара түстөгү жайкы бут кийим (Айназик). Бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим (Ариет)
Белгилери: Бою 150-155, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара узундугу 30-40 см.

Байланыш үчүн номерлер 03622 (5 17 56), 0774 778 688, 0709 736 63

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18