USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму балдарды дагы эмдөөгө уруксат берди

10:49, 24 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму балдарды дагы эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу уюмдун интернет баракчасында маалымдалат.

Балдар менен өспүрүмдөр COVID-19 вирусу менен жеңил ооруйт. Андыктан аларды улуу кишилерден кийин гана эмдөө сунушталат.

Вакциналардын балдарга таасирин анализдөө талап кылынат.

«Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюмунун адистери Pfizer/Biontech вакцинасы 12 жаштан өйдөнкү балдарга ылайыктуу экендигин далилдеди», — деп айтылат маалыматта.

Вакцинанын балдарга таасири иликтенүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалга карата маалыматтар жана кеңештери берилип турмакчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18