USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды

09:41, 18 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Алардын маалыматында, эпилемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар күчөтүлүп, коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда текшерүү жүрүп жатат.

1-июлдан тарта Ошто той-маараке өткөрүүгө тыюу салынды. Ресторандарга кийинки айга буйрутма албоо сунушталды.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облусунда вирустун жайылышы күч алды.

2020-жылдын март айынан бери 112 миң 777 киши вируска чалдыгып, 1 миң 916 бейтап көз жумду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18