USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон автожолун курууну тапшырды

09:36, 16 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон автожолун курууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалууда.

Садыр Жапаров учурдагы автожол эгемендүүлүк жылдарынан бери оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле жолдун кууш экенин баса белгиледи.

Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин баса белгиледи.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18