USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары 9-июнда башталат

09:33, 08 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркияда расмий иш сапары менен болот. Анын алкагында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган жетекчилер менен жолугат. Ошондой эле президенттердин катышуусунда эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйыны өтөт.

Андан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында маселелер талкууланып, бизнес форум болот. Бул тууралуу 7-июнда расмий кабарланды.

Жапаровдун сапары теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандынын дайынсыз жоголгон учуруна туш келди.

Кыргызстанда 20дан ашуун «Сапат» жеке лицейинин, эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Ал Түркияда террорчу деп таанылгандыктан, жарандык коомдо «анын жоголушуна Анкаранын колу бар» деген божомолдор айтылууда. Түркия буга комментарий бере элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18