USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Сузакта сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

09:19, 02 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Сузакта сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында 2004-жылы туулган бала Кемпир-Абад каналына жуунуп жатып сууга агып кеткен.

Саат 17:21 чамасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18