USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров уу коргошунду мамлекеттик резиденцияда кайнатпай калды

15:10, 31 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров уу коргошунду мамлекеттик резиденцияда кайнатпай калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, уу коргошунга талап күч болгондуктан аны азыр башка жерде кайнатып жатышат.

«Уу коргошун көр ооруларга жардам берет. Андыктан суроо-талап көп. Буга чейин деле аны менен уулагандар болуп келген. Бул жылы 3-4 киши ууланса журналисттер андан сенсация жасады», — дейт министр.

Белгилей кетсек, уу коргошун менен дарылоону президент Садыр Жапаров өзү сунуштаган. Ал аны мамлекеттик резиденциянын аймагында кайнаткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18