USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Чоң-Алайда тажик аскерлери чек арадан өткөнү айтылууда

12:27, 19 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш Мамлекеттик чек ара кызматынан Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ахыбал боюнча маалымат талап кылды. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында айтылды.

Депутат Аккулу Бердиева кечээ тажик аскерлери чек араны кесип өткөнү боюнча кабар бар экенин айтты.

«Тажик тарап чек арага жакын жерде окоп казып жатканы айтылууда. Элдер 1999-жылкы окуялардын кайталанышынан коркушат», — дейт Аккулу Бердиев.

Төрага Талант Мамытов Мамлекеттик чек ара кызматы бул боюнча маалымат берерин, ага ылайык парламенттин жыйынын күн тартиби түзүлөрүн айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18