USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Казанда мектепте ок атылып, тогуз киши мерт болгону кабарланды

16:09, 11 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Татарстандын борбору Казанда 11-майда № 175 гимназиядагы ок атуудан тогуз киши мерт болгону кабарланууда.

Алардын бири мугалим болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат, имарат курчалып турат. Окуучулар имараттын терезелеринен эвакуацияланган.

Орусиядагы «Интерфакс» агенттиги мектептин администрациясына шилтеме берип, гимназиянын окуучуларынын бири класска кирип ок ачканын жазып чыкты.

Ал эми башка маалымат каражаттары ок ачкан адам кармалганын кабарлоодо. Бул маалымат расмий түрдө ырастала элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18