USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкек 350 газ менен жүргөн автобусту сатып алмакчы

16:07, 11 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек 350 газ менен жүргөн автобусту сатып алмакчы. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бишкек шаардык мэриясында Шаардык траспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясынын ортосунда кызматтыштык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, меморандумга ылайык «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясы үстүбүздөгү жыл аралыгында газ менен жүргөн Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон үлгүсүндөгү 350 экологиялык автобус алып келүүгө милдеттендирилет.

«Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылы 1-июлга чейин жеткирилет», — деп айтылат мэриянын малыматында.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18