USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкекте 34 мектептен коронавирус аныкталды

11:17, 04 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте окуу процесси башталгандан бери 34 мектептен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдк бөлүмүнүн башкы адиси Чынара исакова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 12 мектеп дагы деле карантинге жабык турат, андан тышкары 22 мектепдин 32 классы онлайн-окууга өтүштү.

«Статистикалык маалыматтар боюнча, мугалимдер арасына COVID-19дун 25 учуру катталган, анын ичинен 5 учур пневмония. Ал эми окуучулардын арасында 93 учур катталган, анын 9у пневмония2» — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын балансында 97 мектеп бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18