USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Бишкекте ооруканаларда кошумча орундар даярдалды

12:36, 20 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Эпидемиологилык кырдаал Бишкек жана Чүй облусунда күчөп бара жатат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, кырдаалга байланыштуу министрлик ооруканаларда орундарды даярдоодо.

«Жалпысынан 2 миң 361 орун даярдалды. Алардын 255и жандандыруу бөлүмдөрүндө. Бишкек жана Чүй облусуну боюнча ооруканадагы коронавирусту дарылаган орундар толуп жатат. Андыктан биз № 1 клиникага дагы 132 орун түздүк», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18