USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Депутаттар саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алуу сунушун өкмөткө жөнөттү

16:09, 19 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушун колдоду. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Депутат Жанар Акаев Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбестик көрсөтүүнү жана анын ордуна компетенттүү жетекчи дайындоону сунуштады.

«Министр уу коргошун менен дарыланууну үгүттөп жатат. Бизде эмне дарыгерлер жокпу? Дүйнөдө өзүнүн орду бар кыргыз медицинасын министр бир заматта жокко чыгарып жатат», — деди депутат.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, анын коронавируска чалдыккан бейтаптарга дагы берилгенин айткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18