Гүлназ Исаева Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын директорунун орун басары болду
13:22, 25 марта 2021, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Гүлназ Исаева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Гүлназ Исаева — диний маселелер жана дин аралык диалог боюнча адис. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси болуп иштеп келген.