USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Бишкекте вируска чалдыккандардын саны өсүүдө

12:18, 23 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар көбөйүп жатканы байкалууда. Бул туралуу брифингде коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Күнүнө өлкө боюнча катталып жаткан 76 жаңы учурдун 56сы борбор калаага туура келет.

«Ошондуктан жарандарды 1,5 метр социалдын дистанцияны сактоону, эл көп топтолгон жерлерге барбоону, бет кап тагынуу жана өздөрүн жана жакындарын коркунучка учуротпоо үчүн ведомствонун сунуштарын аткарууну суранабыз», — дейт Айнура Акматова.

Акыркы сутка ичинде 2 миң 571 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18