USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Бир суткада 96 кишиден вирус аныкталып, экөө каза болду

09:44, 19 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 96 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 43, Ош шаары — 2, Чүй облусу — 35, Ош облусу — 3, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 8, Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки бейтап каза тапты.

Март айынан бери 87 миң 239 киши вируска чалдыгын, 1 миң 487 бейтап көз жумду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18