USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтөт

15:24, 16 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 22-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.

Күрөш таймашына өлкөбүздүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан спортчулар катышып, 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, 96 кг жогору салмакта күч сынашат.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы түзүлүп, алар дүйнөлүк, Азия чемпионаттарында, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргошот.

Кыргыз күрөшү боюнча 2021-жылкы өлкө чемпионаты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп, өткөрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18