USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргыз балбан кыздары Украинадагы мелдешке жөнөп кетти

18:00, 25 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Украинада өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 25-28-февраль күндөрү Киев шаарында (Украина) өтөт.

Аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда төмөнкү курамда катышат:

1. Айсулуу Тыныбекова 62 кг;
2. Айпери Медет кызы 76 кг;
3. Мээрим Жуманазарова 68 кг;
4. Назира Марсбек кызы 57 кг;
5. Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18