USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы өзгөрдү

15:58, 25 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин расмий аталышы өзгөртүлдү. Окуу жайдын маалыматына караганда, эми ал Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин университеттин аталышын өзгөртүү тууралуу буйругу быйыл 15-январда чыккан. Себеби катары жергиликтүү коомчулуктун суроо-талабы аталган.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору Батыралы Сыдыков эгемен Кыргызстандан «легендарлуу» аталган алгачкы парламентинин мүчөсү болгон. Ал Өзбекстандын Философдор коомунун ардактуу мүчөсү, Казакстан Улуттук илимдер академиясынын, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу профессору. Кыргызстандын Инженердик академиясынын мүчөсү, 3 монографиянын жана 35 илимий эмгектин автору.

Окуу жай 2010-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университети деп аталып келген. Ошол жылдын Июнь окуяларынан соң Мамлекеттик социалдык университет болуп, кийин кайра Кыргыз-Өзбек университети деп аталып жүргөн. Окуу жайда он миңге жакын студент билим алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18