USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкек жылуулук электр борборун «Газпром» менен бирге газга өткөрүү каралууда

14:25, 19 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек жылуулук электр борборун «Газпром» менен бирге газга өткөрүү каралууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 24.kg агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун Россияга расмий сапары учурунда газдын баасы дагы талкууланат.

«ЕАЭБтин аймагында Кыргызстанда газдын баасы эң жогору. Бул орус-кыргыз сүйлөшүүлөрдө башкы темалардын бири. Биз төлөмдөрдү доллар эмес, улуттук валютада жүргүзүүнү дагы пландап жатабыз. Бишкек жылуулук электр борборун газга которууну «Газпром» менен бирге ишке ашыруу дагы каралууда!, — дейт Руслан Казакбаев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18