USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди

16:26, 16 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-феварль күнү Алматы шаарынан учуп келген SCA авиакомпаниясынын алгачкы учагы «Ош» эл аралык аба майданына конгон.

«Чартердик каттам ар бир аптанын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Алгачкы каттамда Ош шаарынан Алматыга 142 жүргүнчү учуп кетти», — деп жазылат маалыматта.

«Манас» эл аралык аба майданында чартердик каттамдын ачылышын жүргүнчүлөр тарабынан суроо-талаптын көп болгондугу менен байланыштырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18