USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкектин мэри дагы алмашты. Эми Бакыт Кудайбергенов дайындалды

11:04, 10 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууга Бакыт Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов кол койлу.

Өкмөт башчысы кечээ ордо калааны жетектөөгө дайындалган Эрмек Нургазиевди кызматтан бошотту.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңеш бекитет. Калаа башчысынын талапкерлиги апрель айындагы шайлоодон кийин, жаңы шайланып келген депутаттар тарабынан каралары айтылууда.

Октябрь айынан бери шаар башчысынын милдетин Балбак Түлөбаев аткарып келди. Ал кечээ кызматынан бошотулду. Балбак Түлөбаев ооруп жатканын, дарыларын айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18