USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Тажик премьер-министри Улукбек Мариповду куттуктады

16:59, 08 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тажик өкмөт башчысы Улукбек Мариповго ийгилик каалап өттү.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы достук, коңшулук жана өз-ара сый мамилелерди жогору баалоо менен Сиздин активдүү катышууңуз аркылуу Тажикстан жана Кыргыз Республикасы аралык өз-ара мамилелер кеңейүүгө багыт алып, жаңы мазмунга ээ болооруна ишеним билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18