USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Өкмөттүн жаңы курамы. Бажы кызматы кайсы министрликтин алдында иштейт

13:06, 02 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бүгүн конституциялык мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитет өкмөттүн жаңы курамы менен программасын бекитет.

Жогорку Кеңештин аппараты 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, Финансы жана экономика министрликтери Экономика жана финансы министрлигине бириктирилет.

Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматтары жоюлат. Алардын милдеттери Экономика жана финансы министрлигине берилет.

Эске салсак, мурдагы өкмөттө 9 мамлекеттик агенттик жана 11 мамлекеттик кызмат иштечү.

Өкмөттүн жаңы курамында 12 гана министрлик болот. Экономика, социалдык маселелер жана күч блогу боюнча вице-премьерлер да кыскартылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18