USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

«Октябрь баатырлары» Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылат

10:33, 02 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

«Октябрь баатырлары «Кыргыз үмүтү» экс- президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Сооронбай Жээнбековдун экс- макамын алып салууну жана 5-октябрдан 6сына караган түнү митинг катышуучуларына карата күч колдонуу буйругу үчүн жоопко тартууну талап кылышат.

Башкы прокуратура арызды ИИМ жана УКМКга тергөөгө жөнөттү.

Белгилей кетсек, 5-октябрь түнү 19 жаштагы жигит каза таап, миңдей киши жабыркады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18