USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Мечиттен 900 миң сом уурдап, видео байкоого түшүп калган жаран кармалды

14:11, 29 января 2021, Бишкек - 24.kg

Мечиттен 900 миң сомду уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында уурулукка шектелип 1970-жылы туулган Б.А. кармалды. Кармалган адамдын жанынан мурда жоголгон барсетка ичиндеги акчасы менен табылып алынды.

2-январь күнү Жибек-Жолу көчөсүндөгү борбордук мечиттен ичинде 5 миң 700 доллар, 300 миң рубль жана 55 миң сом салынган капчык жоголгон. Шектүү мечиттеги видео байкоого түшүп калган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18