USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Курсан Асанов камакка алынды

18:03, 26 января 2021, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсана Асанова кармалды. Бул тууралуу 24.kgагенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Айтымында, Асановго «Имарат жана курулуштарды басып алуу» деген берене боюнча маалымдама берилип, мурдагы аткаминер Бишкектин ШИИБдин абагына жеткирилди.

«Бул саясий мотивдеги иш. Курсан Асанов ИИМ имаратына Коопсуздук кеңешинин катчы орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин буйругу менен келген. Ал жерге мекеменин жетекчилиги да имаратты талап-тоноого жол бербөө үчүн келип, Асанов ыктыярчылар менен байланыш түзгөн. Эми Асановго ыраазычылык билдиргендин ордуна, аны камакка алышты. Курсан Асанов бир да кагазга кол койгон эмес, кадр маселелерине кийлигишкен да жок», — деди Икрамидин Айткулов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18