USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Парламентте казинолордун иштөөсүнө уруксат берүү сунушталууда

13:45, 26 января 2021, Бишкек - 24.kg

Парламентте казинолордун иштөөсүнө уруксат берүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун депутат Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты.

Авторлордун айтымында, кумар оюндарынын жабылышы менен бюджетке 600 миллион сом зыян келтирилип, 11 миң жумуш оруну кыскарды.

Мыйзам долбоордо казинолор айрым аймактарда гана ачылып, ага чет элдиктер гана кире алышат.

Депутаттар Россия, Казахстан, Сингапур, АКШ, Монако жана Кытайдын Макао аймагынын тажрыйбасын колдонууну сунушташат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан куман оюн-зоок жайларынан 2015-жылдан бери тыюу салынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18