USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкектен Кувейтке түз аба каттам ачылат

09:38, 18 января 2021, Бишкек - 24.kg

Февралда Кувейт — Бишкек — Кувейт багыты боюнча жаңы каттам ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Jazeera Airways» авиакомпаниясы менен аба каттам ачуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Авиакомпания Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамды жандандыруу жана Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы каттамды ачуу демилгесин колдойт.

«Jazeera Airways» 2021-жылдын 2-февралынан баштап Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча каттамды калыбына келтирип, 4-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы эл аралык каттам ачууну пландоодо.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18