USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Ала-Тоо аянтындагы балатыны демонтаждай башташты

09:11, 15 января 2021, Бишкек - 24.kg

Ала-Тоо аянтындагы балатыны демонтаж кыла башташты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери биринчилерден болуп, оюнчуктарды жана башка жасалгаларды алып жатабыз, андан кийин балатынын өзү «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан алынат.

Буга чейин жаңы жылдык жасалгалар жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, «Ак үйдүн» имаратынын жанына орнотулган балатылар алынды.

Конструкцияларды бөлүктөргө бөлүп, кампаларга кылдаттык менен сактап коюшат.

Эске салсак, быйыл COVID-19 пандемиясынын кесепетинен эски жасалгаларды колдондук, анын көпчүлүгү былтыр өзүбүздүн цехте жасалып, Жаңы жылдык майрамдардан кийин аларды сактап койюшкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18