USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Райымбек Матраимовдун өкүл баласы мамлекетте 1 миллион сом төлөдү

15:23, 14 января 2021, Бишкек - 24.kg

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов мамлекетке чыгымын төлөдү. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Мунарбек Сайпидинов кечээ 11-мартка чейин үй камагына чыгарылды. Ал үйүнөн чыгар албайт жана биринчи чакыруу менен суракка келип турушу керек.

Облустук соттун маалыматында, Мунарбек Сайпидинов мамлекетке келтирилген чыгымды — 1 миллион 33 миң 700 сомду төлөдү.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сайпидиновго «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» айыбы менен сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 12-январда кармалган. Тергөөнүн билдирүүсүндө, айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептин спорт залынын курулушун жүргүзүүдө кеткен чыгым 1 миллион сомго ашыкка баалаган. Курулуш сапатсыз бүткөндүгүнө карбай кабыл алынган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18