USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Орто-Сай базарында мыйзамсыз соода түйүндөрү алынып салынды

09:56, 12 января 2021, Бишкек - 24.kg

Октябрь районунун акимиаты Орто-Сай базарынын аймагында жана Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнө чектешкен соода түйүндөрү менен күрөшүүнү улантып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдге милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери менен мэрия кызматкерлери чыгып, 10 мыйзамсыз соода түйүндөрү жоюлду жана шаардык бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Бишкек шаарынын мэриясы борбор ичинде соода-саттык жана жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоону суранат. Жерге коюлуп сатылган азык-түлүктүн коопсуздугуна жана сапатына эч ким кепилдик бере албайт», — дешет мэрия кызматкерлери.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18