USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Талант Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады

10:57, 07 января 2021, Бишкек - 24.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады. Куттук текстин маалымат кызматы таратты.

Мамытов бул илгери үмүт, ишеним, жарык маанай тартуулай турган майрам экенин белгилеген.

«Кыргызстандын православ чиркөөсү кылымдарды карыткан бай тарыхында улут аралык тынчтыкты бекемдөөгө, мамлекет жарандарын Ата Мекенди сүйүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоого тарбиялап, диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоого чоң салым кошуп келет», — деп айтылат куттуктоодо.

Сөзүнүн соңунда Мамытов жалпы элге бекем ден соолук, ар бир үйгө береке каалап өткөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18