USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Финпол ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүшүн баштады

17:47, 06 января 2021, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул туурасында 24.kg агенттигине мекемеден билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүш булгоочу заттардын абага чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча ачылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коммерциялык жана башка уюмдарда ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен колдонуу» беренеси менен катталган.

Белгилей кетсек, Бишкек World Air Quality уюмунун абанын сапаты боюнча рейтингинде абасы эң кир шаарлардын сап башында турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18