USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

«Бишкекбашкыархитектурада» кадрдык өзгөрүүлөр болду

09:14, 06 января 2021, Бишкек - 24.kg

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп Бакай Осмоев. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бакай Осмоев Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Миландагы Политехникалык университеттин архитектура боюнча магистр даражасын алган.

15 жылдан ашык долбоорлоо архитектору болуп жеке курулуш компанияларында жана долбоорлоо уюмдарында эмгектенген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18