USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Ысык-Көлдө мектеп менен бала бакчалар 11-январдан тарта ачылат

15:02, 05 января 2021, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда мектеп жана бала бакчаларды 11-январдан баштап ачуу пландалууда. Бул тууралуу Караколдогу санэпидкөзөмөл борборунун директорунун орун басары Кулушкан Тайлакова билдирди.

Анын айтымында, облустагы мектептер салттуу түрдө окутууга өтөт.

«Учурда коронавируска кабылгандардын саны кыскарды. Бирок ага карабастан санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керек», — дейт ал.

Бишкек шаарында дагы мектептерди ачуу пландалууда. Бирок, окуучулар этабы менен февралга чейин кайтып келишет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18